Ырыс Жекшеналиевдин Фейсбукка жарыялаган маалыматы боюнча кылмыш иши козголду

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалыматы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ага ылайык, “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылып, Фейсбукка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүнө жооп берди.
"Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды.
"Полит Узник" баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана жалган, так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле "Жетим-Тоо" кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан