Бишкек шаарындагы №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 15-августтан 20-августка чейин №14 троллейбус Бейшеналиева - Москва - Фучик көчөлөрү менен жүрөт.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.