Эрнест Абдыжапаровдун “Таранчы” аталышындагы тасмасы III Эл аралык “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалын ачат. Бул туурасында фестивалдын координатору Чолпон Идрисова билдирди.
Эске сала кетсек, кинофестиваль 12-15-декабрь күндөрү “Манас” кинотеатрынын чоң залында өтөт.