Бокс боюнча жеңил салмактагы Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Ысык-Көлдөгү Күрмөнтү айылына барып, машыктыруучу Адылкан Бекболотовго куран окуду.
Маалыматка ылайык, Бивол Күрмөнтү айылына кечээ, 14-августта барып, бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун жайына барып куран окуган. Мушкерди Адылкан Бекболотовдун жакындары тосуп алган.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол учурда Ысык-Көлдүн Тамга айылында машыгуу сборун өткөрүп жүрөт.