ПОЭТЕРАПИЯ: "Сендеги тунук сүйүү сел болуп агып турса, кантип мен сүйбөй коём, көздөрүң жанып турса"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Нурсултан Жайлообай уулунун ырларын сунуштайбыз.

Нурсултан Жайлообай уулу 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында жарык дүйнөгө келген. 2010-жылы орто мектепти аяктап, 2015-жылы Жалал-Абад маданият техникумун бүтүргөн. Ал эми 2020-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн. 2012-жылдан 2019-жылга чейин Кудайберген Жуманазаров атындагы Жетиген айылдык клубунда жетекчи болуп иштеген. Ошондой эле №34 Бакы Салаев атындагы орто мектепте музыка мугалими жана көркөм жетекчи болуп эмгектенген.
Каарманыбыздын ырлары "Классташ", "Мугалимдер дүйнөсү", "Жаңы Ордо" гезиттерине жана аралаш китептерге жарыяланган. Ондон ашуун ырларына ырчы, дастанчылар обон жаратышкан. Нурсултан Жайлообай уулу бир нече кароо-сынактардын адабий сынактардын жеңүүчүсү аталган. Коомдук, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга татыган. Токтогул райондук маданият бөлүмү тарабынан "Мыкты маданият кызматкери", "Жылдын мыкты акыны" грамоталары менен сыйланган. Мындан тышкары "Мыкты калемгер", "Мыкты мугалим", "Көркөм сөз чебери", "Үздiк талант", "Ыйык Тил" төш белгилеринин ээси. Үй-бүлөлүк абалы - бойдок.

АК ЖАМГЫР

Нөшөрлөчү жашың төгүп ак жамгыр,
Сенде дагы муң көбөйүп калгандыр.
Бүгүн мен да капалуумун башкача,
Жүрөк ээсин сагынуу да армандыр.

Себелесең эске түшөт сүйгөнүм,
Жүрөк ээси менин арзып күткөнүм.
Ичте толгон кайгы-муңдун баарысын,
Жууп таштап жакшы жакка үндөгүн.

Сагындырып жүрөк ээси келбесе,
Төгүп жамгыр келип турчу сен деле.
Жүрөктөгү сырларымды ачайын,
Жалгыз калсам мага дайым себеле.

Мага жагат сырды бирге бөлүшүү,
Сагынычтын арты болсун көрүшүү.
Тамчылары угат менин сырымды,
Жагат мага жамгыр менен сүйлөшүү.

Көпчүлүк жазмакерлердин жамгырды жакшы көрөрү айтпаса да белгилүү. Ошолор өңдүү мен дагы жамгырды өзгөчө жакшы көрөм. Себеби айлана тазарып, бак-дарак сууга жуунуп, негедир жан дүйнөгө бир башкача сезимдерди тартуулайт. Ошондуктан жамгыр жааган учурда эргүү келип бир нече ырларды жаратууга үлгүрөм.

ЖАКШЫЛАР

Кайгы тартсак көөдөнүбүз жанчылар,
Анда кайда жакшы сөзүн айтчулар.
Жамандарга көңүл бөлбөй ар дайым,
Ынтымакты сактайт дайым жакшылар.

Бул жашоодо жаман жандар бар чыгар,
Билбейм көрсөм кур намыстан жан чыгар.
Ый жашооңду сый жашоого айлантып,
Бул жашоонун көркү болот жакшылар.

Мейли баарын көрө албай жаттыңар,
Күнөөсүзгө далай жалаа жаптыңар.
Ак ийилет бирок сынбайт анткени,
Тирүүлүктүн каймактары жакшылар.

Жамандашса кейип көздөн жаш чыгар,
Далай жандар сыйлашуудан качтыңар.
Пейли кенен жан дүйнөсү таптаза,
Бул жашоодо көп болсунчу жакшылар.

КЫРГЫЗДЫН ЧЕКСИЗ ТАРЫХЫ

Жер бетин бүтүн мекендеп,
Жашады кыргыз кылымдап.
Кубанса дагы, кайгырса,
Комузун алып кыңылдап.

Көчмөн эл болгон чын эле,
Көөдөндө ырыс-куту бар.
Жашарып тоолор сүйкүмдүү,
Жайнаган гүлдөй жыты бар.

Атабыз Манас жоо чабып,
Азаттык бизге арнаган.
Жашоону жакшы кылам деп,
Жан үрөп эч бир талбаган.

Үмүттөр өчүп бир жанып,
Үркүндү баштан өткөргөн.
Жоголуп кетпей кыргыз эл,
Жоо чабыш, согуш көп көргөн.

Түптөлүп кыргыз элибиз,
Түгөнбөй жашап келүүдө.
Жараткан салып оң көзүн,
Жакшылык бакыт себүүдө.

Жапжашыл бактай мөмөлөп,
Жайылган чексиз тамыры.
Кылымдап айтсак түгөнгүс,
Кыргыздын чексиз тарыхы.

Ар бир атуул өз мекенин сүйүш керек жана коргой билиш керектигин тилчи мугалимим көп айтчу. Кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын айта берсек түгөнбөйт эмеспи. Анын сыңары, мен да атуул катары, калемгер катары ар дайым мекен тууралуу ырларды байма-бай жазып турам.

АЙЛАНЧЫ БАКЫТЫМА

Сендеги тунук сүйүү,
Сел болуп агып турса.
Кантип мен сүйбөй коём,
Көздөрүң жанып турса.

Арбалып турам сага,
Ансайын сүйүүм артып.
Сүйдүрүп баратасың,
Сүйкүмдүү жүзүң жаркып.

Не деген сулуулук бар,
Нечендер сүйүп жүргөн.
Жагымдуу кылыгың бар,
Жылмайып күлүп жүргөн.

Көкүрөк сен деп согот,
Көңүлдүү жүрөлүчү.
Биригип кош жүрөктөр,
Бирге өмүр сүрөлүчү.

Кымбатым башкалардын,
Кызыкпай байлыгына.
Ак сүйүүм ардагым сен,
Айланчы бакытыма.

Акыркы жылдар аралыгында сүйүү тууралуу ырларды көп жаратчу болдум. Себеби сүйдүрүп турган бир бийкеч пайда болду. Сүйүү саптарын каарманы жок жаратуу мүмкүн эмес деп ойлойм. Сүйүү ырларын жаратуу мен үчүн өтө кыйынга турчу, көрсө сүйүү ырларын жаратуу үчүн алгач сүйүш керек экен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан