Жети-Өгүздө уурулукка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 13 уурдоо фактысына тиешеси бар жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июль күнү милицияга Тосор айылынын Ж.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 6-июлга караган түнү Тосор айылында жайгашкан "Ракымжан" дүкөнүнүн кампасынын эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип, кассадагы баштыкка салынган майда тыйындарды, витринадагы тамекилерди жана видеокөзөмөлдүн процессорун жулуп кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 150 миң сом материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, Жети-Өгүз райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну. Э.Э. болуп чыкты.

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын айтымында, уурдалган тамекилерди Бишкек шаарына алып барып сатып, акчасын өз кызыкчылыгына пайдаланган жана дүкөндүн ичиндеги видеокөзөмөлдүн процессорун Боом капчыгайында агып жаткан дарыяга ыргытып жиберген.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал Ысык-Көл облусунун аймагында дагы 13 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алар боюнча күнөөсүн толук моюнуна алган.

Райондук соттун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан