Ыр-күүлөр жаңырып... Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

Бүгүн, 15-августта Венгриядагы Кыргызстандын маданият күндөрү аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада манас айтылып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр менен коштолду.
Маданият күндөрдүн расмий жабылышы Венгриядагы улуу гунн жана түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында өтүп, кеңири коомчулук катышты.
Иш-чарага атайын чакырылган коноктор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Венгрияда иштеп, жашап жаткан кыргыздар күбө болушту.
Мындан сырткары маданият күндөрдүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан