Бишкекте алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-август күнү А.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал Ш.Б. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүү 17-июлда ашкана эмерегин жасап берем деп арыз ээсинин 45 миң сомун алып, изин жашырып жүргөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран кармалган. Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.
Мындан тышкары анын ушул сыяктуу бир нече кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Жогорудагы жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0(502)44-11-12, 0(709)08-42-44 же 102.