Сокулук районунун жашы жете элек тургунун зордуктоо фактысы боюнча тергөө иштери жанданды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-июнунда 1941-жылы туулган Борис П. аттуу жаран милицияга кайрылып, 2021-жылдын март айынан бери кошуна эки өспүрүм анын 2010-жылы туулган уулун талаада зордуктап жүргөнүн билдирген.
Андан соң бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен каттоого алынган. Тергөөнүн алкагында соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Биринчи экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, баланын денесинде эч кандай жаракат табылган эмес. Кийин Борис уулун эч ким зордуктабаганын, бала калп айтканын айткан. Буга байланыштуу 2021-жылдын 12-июнунда тергөө иштери токтотулган.
Бирок 7-февралда ишти кыскартуу боюнча чечимди прокуратура жокко чыгарып, кошумча тергөөгө жөнөткөн. Бул иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында денесинен эч кандай жаракат жок экендиги аныкталган. Андан соң тергөө иштери кайра жанданган. Жакында эле прокуратура арыз ээсинин жаңы жүйөлөрү текшерилип жаткандыктан ишти токтотуу буйругун кайра жокко чыгарды.