Өзгөн шаарынын эки тургунунун арызы боюнча текшерүү жүрүүдө

Өзгөн шаарынын эки тургунунун арызы боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Ош облусу жана Ош шаары боюнча кыйноолорду алдын алуу борборуна Өзгөн шаарынын эки жашоочусу милиция кызматкерлери тарабынан орой мамиле кылынгандыгы боюнча арыз жазышкан. Анын негизинде учурда прокуратура органы жана Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери башталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. 9-август күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылып жаткан учурда Өзгөн шаарынын тургуну 38 жаштагы И.М ( аял киши) жана ошол эле жердин тургуну 43 жаштагы И.М (аял киши)., майда бейбаштык жасашып, коомго терс көрүнүш жасагандыктары үчүн Өзгөн РИИБдин маалыматтарды каттоо реестрине 11-август күнү катталган.

Жактоочунун катышуусунда сурак кылынып, аталган атуулдардын үстүнөн Укук Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 126-беренесине ылайык чара көрүү үчүн топтолгон материалдар Өзгөн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына жиберилген.

Аталган материал боюнча протоколдор түзүлүп, кароого жөнөтүлгөн. Азыркы кезде бул иш сотто каралууда", -деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан