Тоннелдин ичинде бузулуп калган унаа чыгарылды

Тоннелдин ичинде унаа бузулуп, куткаруучулар көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-август күнү Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Нива үлгүсүндөгү унаа бузулуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде нөөмөттө турган ӨКМнын Тоо кен куткаруу кызматынын 6-өзүнчө мобилдешкен тоо кен куткаруу взводунун тобу тартылып, унааны тоннелдин түштүк тарабына сүйрөтүп чыгарып беришкен.
Маалымат боюнча жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан