Америкалык актёр, сценарист, кинорежиссёр жана продюсер Бен Аффлек 1972-жылы дал ушул күнү АКШнын Калифорния штатындагы Беркли шаарында туулган. "Акылдуу Уилл Хантинг" жана "Арго" операциясы" тасмаларынын сценарийи үчүн эки жолу "Оскар" сыйлыгын алган. 12 жашында "Миминин саякаты" сериалында кичинекей роль жараткан.
Голливуд актёру америкалык белгилүү актриса жана ырчы Женнифер Лопес менен баш кошкон. Түгөйлөр 2001-жылы "Жильи" тасмасында таанышкан. 2002-жылы Женнифер экинчи жолдошу Крис Жадд менен ажырашкандан кийин Бен Аффлек менен жакын мамиледе болгон. Ошол эле жылы Бен Аффлек үйлөнүү сунушун киргизгени менен массалык маалымат каражаттарынын тынымсыз көңүл буруусунан улам алардын үлпөт тою өтпөй калган. Ал эми 2004-жылы түгөйлөр эки жолго түшкөнү маалым болгон.
Арадан жыйырма жыл убакыт өткөн соң, тагыраагы 2021-жылы алар кайрадан сүйүү мамилесинде экени маалым болгон.