Баткенде сарай өрттөндү

Баткен районунун Бужум айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы кечээ, 15-августта болгон. Анда айылдагы сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жалын өрт өчүрүүчүлөр тарабынан саат 19:27де чектөөгө алынып, саат 20:23тө толугу менен өчүрүлгөн.

Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок, тилсиз жоонун кесепетинен сарайда сакталган 5 кап өрүк, 40 даана шифер, 50 даана торсун, 24 даана айырмач (стропила), 120 метр рейка күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан