Кенияда зоофилден (жаныбар
менен жыныстык кумарга баткан адам) кордук көргөн эчки сот отурумуна чакырылды.
Эчки эч кандай көрсөтмө бере албагандыктан, анын укугун коргогон адамдар, күбөлөр
берген далилдердин негизинде зоофил 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул
тууралуу бүгүн, 4-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Окуя Кениянын
Дабасо кыштагында болгон. Аталган кыштактын тургуну Китсао Гонаны жергиликтүүлөрдүн бири эчкини зордуктап жаткан жеринен кармап алган. Бул боюнча
маалымат бүтүндөй айылга тарап кеткен соң эчкинин ээси эл менен кошо укук коргоо органдарына арыз жазган. Натыйжада сот отуруму белгиленип, Китсао
Гонаны жазага тартуу аракети башталган. Сот отурумунда
бийлик өкүлдөрү айыпталуучу менен жабырлануучуну (эчкини) бетме-бет жолуктурушкан. Анда
эчкинин айыпталуучуну жекире караганы айтылат. Айыпталуучунун
күнөөсү далилденген соң сот айыпкерди10 жылга эркинен ажыратты. Абакка кетип
жаткан Китсао Гона соттон ырайым кылуусун өтүнүп, үйдө ден-соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген жубайы калганын айткан.