Ош облусунун Өзгөн шаарында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө эки Мерседес-Бенц жана Дэу-Лабо үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен жалпы 13 адам жабыркаган. Алардын сегизи оор абалда, бешөө жеңил жаракат алган.
Жерине ӨКМнын №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган куткаруучулары жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкени маалымдалат.