Бүгүн, 16-августта Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында жаа атуу спорту боюнча Ынтымак Мурадил уулу алтын байгеге ээ болду.
Кыргыз спортчусу жеңишинен кийин "Улутум кыргыз, урааным Манас" деп кыйкырып, андан кийин жаанын жебелерин асманга ыргытты.
Белгилей кетсек, Ынтымак Мурадил уулу уткан бул алтын медаль Кыргызстан курама командасынын Ислам тилектештиги оюндарындагы сегизинчи алтын медаль болду.
Ислам тилектештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулууда. Кыргызстан спорттун жалпы 16 түрүнөн катышып жатат.