Бишкекте телефон уурдоого шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тоноо фактысына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июль күнү С.О. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 25-июль күнү саат 23:40 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде физикалык күч колдонуп, арыз ээсинин жашы жете элек баласынын 15 миң сомдук Xiaomi Redmi Note 8 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

10-август күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган О.М. аттуу жаран кармалган.

Бишкектин Ленин райондук соту шектүүгө карата эки айга үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып, шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0 (708) 007-500 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан