Легендарлуу "Шамалга буюккандар" ("Унесённые ветром") романын окубаган адам жок болсо керек. Ал 1936-жылы жарык көргөн жана ошол замат күйөрмандардын бүтүндөй армиясын топтой алган. Төрт жылдан кийин ушул эле аталыштагы тасманын бет ачары болуп, көрүүчүлөрдү бүгүн да толкундантып келет.
Романдын автору Маргарет Митчелл 1900-жылы туулган. Америкалык журналист жана жазуучу бул эмгеги үчүн АКШдагы адабият тармагындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болгон Пулитцер сыйлыгын алды. Бирок ал китебин тажагандыктан жазганын аз эле адамдар билет. Роман тууралуу ушул жана башка кызыктуу фактылар тууралуу айтып беребиз.
Маргарет Митчелл тажагандыктан китеп жазган
1926-жылы май айында Маргарет Митчелл бутунан жаракат алып, үйүндө отуруп айыктырууну чечкен. Аялы зеригип калбасын деп, күйөөсү ага китепканадан бир топ китептерди алып келип, Маргарет аларды окууга киришет. Бирок күндөрдүн биринде камкор күйөө миңдеген китептерди окугандын ордуна, өзү китеп жаза аларын белгилеп, ал тургай бул үчүн ага машинка белек кылган. Журналист убакытты текке кетирбестен, техниканы өздөштүрө баштаган. Ошентип 60тан ашык бөлүмдөн турган романдын үстүндө иштөө башталды. Сюжет, өзүңүздөр билгендей, Америкадагы жарандык согуш учурунда орун алат.
Маргареттин китеп жазып жатканын эч ким билчү эмес
Жазуу башталгандан бери романдын жарык көргөнүнө чейин он жыл өткөн. Бирок Маргарет Митчеллдин айланасындагылардын эч кимиси анын өз китебинин үстүндө иштеп жатканын билген эмес. Үйүнүн босогосун кимдир бирөө аттаганда ал текст жазылган барактарын конок бөлмөсүнүн килеминин астына катып койчу.
Митчелл китепти басып чыгарууга ниети жок болчу
Маргарет Митчелл өз ишине он жыл талыкпаган эмгегин арнаган, бирок ал аны басып чыгаргысы келген эмес. Бир жолу ал курбусуна өзүнүн китебин жазууну ойлоп жатканын мойнуна алып, ал аны колдоорун айткан. Бул анын кол жазманы басмаканага алып баруусуна түрткү болгон. Бирок, бир нече убакыт өткөндөн кийин, Митчелл роман үчүн кайтып келип: "Мен оюмду өзгөрттүм! Сураныч, кол жазманы кайтарып бериңиз” деген. Бирок басма үйү Митчеллди көндүрүп, анын аркасында дүйнөлүк адабияттын бестселлери жарык көргөн.
Роман катуу сынга алынган
Китеп да, кино да классика болуп саналат. Бирок сынчылардын баары эле чыгармадан көркөм баалуулукту көрө бербегенин аз эле адамдар билет. Ошентип, New York Times үчүн китепти карап чыккан сынчы Ральф Томпсон такыр таасирленген эмес. Ал романды катуу сынга алган. "Менин оюмча, китеп 500 бетке кыскартылса, алда канча жакшы болмок", - деген Ральф Томпсон. Бирок ошол эле учурда сынчы ар бир жазуучу үчүн миң барактан турган роман жетишкендик экенин моюнга алды.
Укмуштуудай ийгилик
Сын-пикирлерге карабастан, Маргарет Митчеллдин китеби жарыкка чыккандан көп өтпөй ал боюнча тартылган тасма дагы Оскар сыйлыгына татып, чыныгы феноменге айланган. Атлантада өткөн премьерага миллиондон ашык көрүүчүлөр келген. Атланта шаарынын мэри майрамга карата үч күндүк параддарды жана кечелерди уюштурган.
Китептеги айрым фразалар афоризм болуп калган