Кар ханышасы, "Русалка"... Шоу-бизнестеги айымдардын мультфильм каармандарын туураган сүрөттөрү

Кыргыз шоу-чөйрөсүндөгү айымдар бири-биринен өзгөчөлөнгөн образдарды жаратканга аракет кылышат. Айрымдары социалдык тармактагы баракчаларына жүктөө үчүн сүрөткө түшкөн болсо, кээ бири клип үчүн жаңы образдарды туура көрүшөт. Бул жолу мультфильмдеги каармандарды туурап кийинген айымдар тууралуу сөз кылабыз.

Айгерим Расул кызы (фея)

Заманыбыздын сахна ажары Айгерим Расул кызы дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөт. Ар бир клибинде башкаларга окшобогон образдарды алып чыгат. Андагы сүрөттөрү менен социалдык тармактагы досторуна бөлүшүп, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырат. Күйөрмандары тарабынан да "аябай эмгектенүү менен тартасыңар, азаматсың", "кыргызская фея" деген сыяктуу позитивдүү мааанайдагы комментарийлер жазылат.

Айгерим Расул кызы ("русалка" образы)

Ырчы Салтанат Шекенова (Жасмин)

Ырчы Салтанат Шекенованын образдары эле эмес, кийинүү стили да башкалардан айырмаланып турат. Өзүнүн дене түзүлүшүнө жарашыктуу кийинген Салтанат айым бала кезинде мультфильмдерди көргөндө андагы ханышалардын ордуна өзүң элестетерин жазган. "Бала кезде мультфильм көрүп отуруп, андагы ханышаларды өзүм деп элестетип көрчүмүн. А эмнеге Жасмин десеңиздер, сыйкырдуу килем менен учууну азыркыга чейин кыялданам, бирок жок да", - деген ырчы.

Ырчы Айдана Дека "красная шапочка"

Коңур үндүү Аваз Акимовдун жубайы, эки кыздын апасы, ырчы Айдана Дека башкалардан таптакыр башкача образдарды жаратканды жакшы көрөт. Клиптердеги кийимдерин өтө кылдаттык менен тандаганы билинип турат. Ал кызыл топучан сүрөтүн жарыялап, "мага жараштыбы?" деп сураган. Албетте, бардыгы бир ооздон жарашкандыгын жана өзгөчөлөнүп жүрөрүн жазышкан.

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева (Жасмин)

Алып баруучу, акыркы учурларда ырчы катары да таанылып келе жактан Айзада Жамгырчиева эфир үчүн дайыма өзүнө жарашыктуу, бири-бирин толуктаган образдарды тандайт. Заманбап тил менен айтканда "хейтерлери" бою кичинекей экенин жазышканы менен образдары аркылуу билгизбегенге аракет кылат.

Алып баруучу, визажист Айпери Суранчиева (кар ханышасы)

Кыргызстандагы телеканалдарынын алып баруучусу Айпери Суранчиева визажисттик кесипке ээ болгондон тарта ар кандай образдарды жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан