Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кыргыз дзюдочусу Шахида Нармухамедова күмүш медалга ээ болду.
Спортчу 78 килограмм салмак ченинде күч сынашкан.
Нармухамедова алгачкы беттешинде Камерундун спортчусун жеңип, жарым финалда Марокколук спортчу менен кез келген. Финалда ал түркиялык дзюдочуга жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.