Блогер Ырыс Жекшеналиевдин Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасына жарыялаган маалыматы боюнча кылмыш иши козголгон.
Бүгүн, 16-август күнү Жекшеналиев 2 айга камакка алынды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча айып таккан.