Кыргыз спортчусу Камила Абдыл-Хамитова Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында фехтование боюнча коло байге утту.
Кыргыз спортчусу жекелик таймашта беттешип, коло байге уткан.
Фехтование боюнча Кыргызстандын капчыгында алтын медаль бар. Аны 15-августта Роман Петров уткан.
Белгилей кетсек, Ислам тилектештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Оюндар 18-августка чейин уланат.