Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза таап, жети адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-август күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 24-чакырымында, Ысык-Көл районунун тургуну 36 жаштагы Ш.Д. өзүнүн Фольксваген-Пассат унаасы менен күн чыгыштан батышка бара жатып рулга ээ боло албай, жол боюндагы даракты сүзүп токтогон.
Натыйжада унаанын жүргүнчүсү 76 жаштагы апасы Ш.М. окуя болгон жерде алган жаракатынан улам каза болгон, айдоочу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Ал эми жети (3 чоң киши, 4 өспүрүм) жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Жол кырсыгынын келип чыгышына унааны жогорку ылдамдыкта башкарганы себеп болгон. Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.