Спортчу Адилет Улан уулу Ислам оюндарында күмүш байгеге ээ болду
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кикбоксинг боюнча Адилет Улан уулу күмүш байгеге ээ болду.
Спортчу 60 килограмм салмак даражада беттешти.
Алгач азербайжандык спортчуну жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалда иорданиялык мушкерди утту, ал эми финалдык беттеште түркиялык мушкерден жеңилип 2-орунду ээледи.