Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кикбоксинг боюнча Аброр Хакимов коло байгеге ээ болду.
Спортчу 71 килограмм салмак даражада беттешти.
Аброр Хакимов 1/8 финалда казакстандык спортчуну, ал эми чейрек финалда түркмөнстандык мушкерди жеңип жарым финалга чыккан.
Жарым финалда түркиялык мушкерден утулуп, 3-орунду ээледи.