Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Байыш айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сарайды сүзүп алды. Мындай маалыматты ӨКМдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган М.Н. аттуу жаран каза болуп, дагы 1 киши (аты-жөнү такталууда) жабыркады.
Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.