Сокулукта аялын ур-тепкиге алганга шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылганда кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын ур-тепкиге алганга шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялын ур-токмокко алган жаранга карата кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаран Орусияга кетүүгө камынып жаткан жеринен кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Кечээ, 17-августта жолдошу тарабынан ур-тепкиге алынган аял милицияга кайрылгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан