Баткенде турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 02:10до чектөөгө алынып, 03:30да толугу менен өчүрүлгөн.
Күйгөн турак жайдын аянты 207 чарчы метрге жетип, 240 даана шифер, 114 даана айырмач (стропила), 114 даана рейка жана 80 даана торсун күйүп кеткен.
Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.