Орусияда Кыргыз жараны унаасы менен адамдарды сүзүп кетип 7 айлык наристе көз жумду

Орусиянын Кубань аймагында 38 жаштагы Кыргыз жараны жөө өтмөктөн адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаа жол жээгинде бара жаткан адамдарды сүзүп, андан соң каршы тилкеге ​​чыгып, Nissan Atlas үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктан 23 жана 15 жаштагы кыздар, төрт жашар бала жана жети айлык кыз алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк жети айлык кыз каза болгон.

Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА