Америкадан келген ырчы Эрлан Андашевди жакындары шаңдуу тосуп алышты

Хит ырларды жараткан ырчы Эрлан Андашев Америкадан Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.

"Буйруса аман-эсен мекенибизге келип алдык, кубанычыбызда чек жок. Бардык туугандарга, досторума ысык тосуп алганыңыздарга чоң рахмат",- деп жазган ырчы.

Жакындары аны музыканын коштоосунда, өзгөчө шаң менен тосуп алгандарын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, Эрлан Андвашев 23-24-сентябрда Бишкекте алгачкы чыгармачылык концертин коёт.

Эске салсак, ырчынын "Ашыгым", "Уяласың го", "Ооба билем", "Кечир мени", "Жаным" жана башка хит ырлары бар.

Америкадан келген ырчы Эрлан Андашевди жакындары шаңдуу тосуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан