"Тазалык" ишканасында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду

"Тазалык" мамлекеттик ишканасында акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" ишканасынын жооптуу адамдары тарабынан ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы аныкталып, ага бөгөт коюлган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Тазалык" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө схемасын уюштуруп алганы аныкталган.

Бардык чыгарылып кеткен каражаттар схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири, "Тазалык" ишканасынын кызматкери Ч.М. нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат, анын натыйжасында ишкананын жолго коюлган ишинде мүчүлүштүктөр болгон.

Кылмыш ишинин алкагында Ч.М. аттуу жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан