Беш жаштагы Чынгыз Ильясов кулагына операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу баланын апасы Эльвира Байзакова билдирди.
Анын айтымында, баланын операциясы чет өлкөдө гана жасалат. Ага 20 миң доллар керектелет.
"Балам 2 жарым жашка чыкканда илдет тууралуу билгенбиз. Угуу аппараты жардам береби деп 3 жыл тагындык, бирок өзгөрүү болгон жок. Түркияда жасайт дешти, бирок анын баасы 30 миң доллар экен. Угуу аппаратына үмүт кылдык.
3 жылдан бери дарыланып, текшерилип жаттык. Оң кулагы 30 пайыз укчу. Улам угуусу начарлап отуруп азыр такыр укпай калды. Ушул жылдын июнь айында Алматы шаарындагы ооруканага барып текшерүүдөн өтүп келдик. Операцияны 20 миң долларга жасайт экен", - деди апасы.
Чынгыздын ата-энесинде операцияга акча каражаты жок болгондуктан кайрымдуу элден жардам сурайт. Баланын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номурлары аркылуу жардам бере алат.
О! деньги - 0705-58-62-88
Элсом - 0557-31-22-11
М банк - 0708-11-90-40
KICB банк - 9417019444352114