SUPER.KG порталынын поэтерапия рубрикасынын кезектеги коногу Кайыргул Сыдыканова . Ал 1970-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Жданов айылында төрөлгөн. Билими жогорку. 3 уул,1 кыздын мээримдүү апасы, 3 неберенин чоң энеси.
"Поэзияга кызыгуум бала чагымда эле бар эле. Талант тай жагымдан келген белек десем жаңылбайм. Апам өзгөчө макалдаштырып, сөздүн гүлүн тандап сүйлөгөн, колунан көөрү төгүлгөн уз аялзаты эле. 12 жашымда жаш калемгерлер арасында болуп өткөн сынакта “хрустал калемине" ээ болгом. Ортодо шартка байланыштуу таштап койгон элем. “Шибеге капты баары бир тешип чыгат”- деген сымал жан дүйнө жаңырыгын ката албайт экенсиң.
Андан бери көптөгөн сынактарга катышып, поэзия жаатында көп иш-чараларды өткөрүп, аз да болсо кыргыз адабиятына салым кошсомбу деген ой-максат менен "Актал" адабий чыгармачылык бирикмесин негиздеп чыгып иштеп жатабыз. Деңгээлин эл аралык статуска чыгаруу жана кыргыз адабият, маданиятын, нарк насилин, каада-салтын кеңири жайылтуу үчүн “Рух-Бейне” эл аралык чыгармачыл академиясын түптөп чыккам. "Актал" адабий чыгармачылык бирикмеси мен үчүн өзгөчө байлык болуп эсептелет. Бирикмеде ар кыл чыгармачыл адамдар бар: сүрөтчү, кол өнөрчү, акындар,театр актерлору, педогогика илимдеринин ишкерлери жана ар кайсыл улуттун чыгармачыл инсандары", - дейт акын Кайыргүл Сыдыканова.
“Турмуш барактары” прозалык чыгармалар жыйнагы, “Сезим мунарасы -1,2” аттуу лирикалык ырлар жыйнагы, “Ата журтка ыр белек” аттуу патриоттук ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, Москва облусттук Орусия жазуучулар союзунун мүчөсү, эл аралык орус тили “Марс” академиясынын толук ыйгарымдуу мүчөсү, Казакстан дүйнөлүк жазуучулар коомунун мүчөсү, Азербайжан жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси. Эл аралык Анна Ахматова атындагы сыйлыктын лауераты.
Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун ардак грамотасы, президенттин алдындагы тил жана саясат коммиссиясынын ардак грамотасы, Алыкул Осмоновдун “Эстелик” медалы жана Орусиянын жазуучулар союзунун ардак грамотасы, "Кыргыз тил" коомунун “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланган.
Сырдаш болот калем менен ак барак
Толгон ойго, толгономун тынч албай,
Томогосун үзүп учкан куштардай.
Тоо башынан ай жаңырып чыканда,
Жарык нуру жалгыз мага чачкандай.
Бураламын түнкү уйкумду уктабай,
Булбул болуп, бакта сайрап аткандай.
Буурул тарткан булуттарды аралап,
Өзүң көздөй учуп бара жаткандай.
Кыялданам күлкү чачып жүзүмдөн,
Кымбат баалуу сезим ташы тизилген.
Курган элем тамгалардан мунара,
Жан дүйнөмдүн ырларынан түзүлгөн.
Күрмөлөмүн кирпиктерим уйпалап,
Күн чыкса деп жылуулугун тартуулап.
Кыштын аяз түндөрдүндө уктатпай,
Сырдаш болот калем менен ак барак.
"Мен мына ушул чыгармачыл чөйрөнүн жүгүн көтөрүп жүрүп өзүмдү унутуп деле калган убакыттарым болот. Ошого карабай лирика жанрына көп көңүл буруп жан дүйнөмдү байытам. Себеби сезим, сүйүү - өчпөс тема болуп эсептелет эмеспи".
Журт сагынычы
Көздөрүмдө кусалыгы сезимдин,
Мекенимди сагынуудан кетилдим.
Сен бар үчүн Ата - Журтум, бак шагым,
Кыргызымдын кызы болуп жетилдим.
Жаз көктөмүн, быйыл көрбөй карегим,
Издеп келем ыр дүйнөдөн дарегин.
Жок болсом да, ачкан кезде өрүк гүл,
Тага жерим, сенде менин жүрөгүм.
Колоттору толо агып суу шары,
Байчечекей гүлдөп талаа бүт баары.
Кайын журтум Ак-Муз деген аты бар,
Ооруп турган жүрөгүмө сен дары.
Улуу бийик, Ала-Тоосу кең мекен,
Сыймыктанам, мактанамын сен менен.
Татсам дагы башка өлкөнүн туз даамын,
Сенсиз жашоо өмүрүмө кем экен.
Ой кыялым...бирге дайым сен менен...
"Патриоттук ырлар болсо мекенден алыстап сагыныч кусасын тартканда өзгөчө чыгат эмеспи. Көп жылдар боюу чет жакта жүргөнүмө байланыштуу ата журтумдун конушун сагынып, арча жыттанган абасын жыттагым келгенде көөдөндөгү эргүү жарылып чыгат дегим келет".
Энем жөнүндө
Аңкып турчу жытың гүлдөй жайнаган,
Мээримиңди төгүп турсаң айланаң.
Эркелетсе жылуу колуң чекемди,
Жаралчу элем, бул дүйнөгө кайрадан.
Калкаладың канаттарың кайрылып,,
Бутак болдук тамырыбыз жайылып.
Ак батаңдын арты менен көгөрүп,
Эне жытын жүргөн кезим сагынып.
Кемселиңе катып алып жылуулап,
Кандай сонун балалыкта бул убак.
Айга-күнгө теңеп мактап жылдыздай,
Жаркыраган күндөр кантип унтулат.
Мөлтүр аккан булактагы суулардай,
Шыңгыр үнүң кулагыма туюлат.
Ооруп калсам таң атырып күзөткөн,
Күндү эстеп, көз жашым да куюлат.
Жаман көздөн сактап элге көрсөтпөй,
Балдарым деп өмүр жашың өткөндөй.
Жазгандарым катып коюп сандыкка,
Бапестедиң талантымды бөксөртпөй.
Чачым өрүп беш көкүлдөп салаалап,
Чаң жугузбай бактың эне рахмат.
Бешик ырын, ырдап бизди терметкен,
Ааламда жок, сендей эне табылбайт.
"Энеден артык эмне бар? Эч бир нерсе жок деп эсептейм. Энем менин бейишим, энем менин тирөөчүм, энем менин сырдашым, энем менин жыргалым, күлкүм эле бирок шум ажал алып кеткенине аргам жок сыздап жүргөн чагым".