1960-жылы 19-августта СССР космос тарыхында эң биринчи жолу ичинде тирүү жандыктары бар “Спутник-5” космостук кемесин учурган.
Жандыктардын чоңу Белка жана Стрелка аттуу иттер болгон. Алардан бөлөк дагы эки келемиш жана бир нече чычкан бар болгон. Эксперименттин максаты - тирүү жандыктарга космостук шоолалардын таасирин жана ар кандай бакубаттык системасынын натыйжалуулугун изилдөө болгон. Иттер үчүн кызыл жана жашыл түстөгү атайын кийимдер тигилген. Кеме Байконурдан саат 15:44тө учкан. Эртеси күнү жандыктар жерге ийгиликтүү түшүп, конференцияларга катышкан.
19-августка карата жылнаама.