Ислам тилектештиги оюндары: Кыргызстан 54 өлкөнүн ичинен 9-орунга ээ болду

Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстан 54 өлкөнүн ичинен 9-орунга ээ болду. Бул маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан барган спортчулар спорттун 16 түрүнөн катышып, 31 медаль утту. Анын 8и алтын, 8и күмүш жана 15и коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдынкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Эскерте кетсек, салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке кирген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан