Фотоальбом: Ырчы Жумагүл Раимжан кызы бала чакта, секелек куракта жана буралган бийкеч кезинде

"Оорусаңыз таарынам", "Кызыл алма", "Сүйүү бакыты" ырларын уксаңыз керек. Дал ушул ырлардын аткаруучусу Жумагүл Раимжан кызынын балалыгындагы, чыгармачылыкка жаңы аралаша баштагандагы, учурдагы сүрөттөрүн бир топтомго чогулттук.

Керемет үнгө ээ Жумагүл Раижан кызы 1986-жылы 9-августта Ош шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Айтымында, үй-бүлөсүндө эч ким ырга жакын эмес. Кичине кезинен мектепте, коомдук иш-чараларда ырдап, кийин чоң сахнага аттанган бийкечтин учурда башы бош.

Жумагүл Раимжан кызынын 1 жаштагы кези

Кичинекей кезимен эле ырга жакынмын деген ырчынын 7 жашындагы сүрөтү.

Бул сүрөттө ырчынын секелек кези.

"Бул менин чыгармачылыкка жаңы аралаша баштагандагы сүрөттөрүм. 2008-жылы эң биринчи сахнага кийген костюмум болчу" дейт ырчы.

Жумагүл Раимжан кызынын алгачкы фотосессиясы (2012-жыл).

2014-жылы алгачкы жеке концертин бергенде тартылган сүрөттөрү

Жылдызы жанып, кыргыз элине аты сиңип калган учуру

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан