"Алтын Казына" ресторанындагы зордуктоо боюнча дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-августта кыздын атасы Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, кызы менен бирге иштеген тааныш болгон адамдар эркине каршы жыныстык катнашта болгонун билдирген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалган.
Кылмыш иши боюнча, тергөөдө бул фактыга 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланып жатат.
Эске салсак, буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.