Аскер институтунда жоокер өзүн-өзү атып алды

Бишкекте жоокер өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-августта саат 22:10 чамасында Аскер институтунун окуу процессин камсыздоо батальонунда кызмат өтөгөн 2003-жылы туулган катардагы жоокер С.С.Ч. кароолдо турганда куралдан ок чыгарган жана алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан