Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүү башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирген деп айыпталууда.

“18-август күнү Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну Ы.Б.га башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн айыбы угузулду.

Буга чейин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз жаран шаардын пляжында жайгашкан темир дүкөнүн ага маалымдабай башка жерге которуп салганын билдирген. Котору учурунда темир дүкөндүн ылдыйкы бөлүгү сынып, андан арыз ээсине 20 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген”, - деп билдиришти облустук милициядан.

Бул факты боюнча ”башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, ал тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан