Эгемендүүлүк күнүнө карата казак-кыргыз айтышы өтөт

30-31-август күндөрү Эгемендүүлүк күнүнө карата эл аралык казак-кыргыз айтышы өтөт. Бул тууралуу "Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, айтыш "Токтогул" атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналат. Анда 8 кыргыз акыны, 8 казак акыны таймашат. Байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Башталышы саат 18:00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан