Улуттук банк Ысык-Көл облусунун эки тургунуна лицензиясы жок акча алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, лицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген Ысык-Көл облусунун жаранына (М.Ж.К. жана Б.Н.А.) ар бирине 17 миң 500 сом суммасында айып пул салынды.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларында текшерүү жүрүп жаткандыгын билдирген.