"Жер тилкесин алып берем деген". Кара-Суу районунда 25 миң долларга алдоого шектүү жаран кармалды

Кара-Суу районунда 25 миң долларга алдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБине аталган райондун 1957-жылы туулган Г. М. аттуу тургуну 2021-жылдын август айынын башында 49 жаштагы К.Г. аттуу жаран жер тилкесин алып берем деп 25 миң доллар акчасын алдоо жолу менен алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөндүгүн айтып арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну К.Г. экендиги аныкталып, 18-август күнү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан