Ноокат районунда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
“2022-жылдын 4-август күнү Ноокат РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун 22 жаштагы А.А. аттуу тургуну социалдык тармактар аркылуу өзүнө таандык болгон бир нече атайын даярдалган фейк аккаунттар аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видео роликтерди социалдык тармактар аркылуу пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү катары А.А. аттуу жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.