Ошто саунанын кароолчусун сабаганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициясына калаа тургуну 17-август күнү саат 04:30дар чамасында жашы 25тер чамасындагы үч жаран ал кароолчулук кылган саунага келишкенин жана анын сөзүнө теригип сабап салышкандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча “Бейбаштык” жана “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында 1999-жылы туулган Э.А. жана 1997-жылы туулган К.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалгандардын айтымында, А.Э. Москвада кылмыш дүйнөсүндө “Смотрящий” статусуна ээ болгон. Учурда кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.