Бүгүн, 21-августта Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 04:10до Сузак районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер силкинүү Калмак-Кырчын, Саты, Урумбаш, Таран-Базар, Жоон-Күнгөй, Канжыга айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жок.