Ысык-Көл жана Нарын облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча сынакка катышуу үчүн 208 талапкер документ жиберген. Алардын 60ынын документи жараксыз деп табылып, 2 киши тестирлөөгө келген эмес. 20-августта өткөрүлгөн тестке 146 адам катышты. Жыйынтыгында 61 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 42 пайызын түздү.
Ал эми Нарын облусу боюнча тестке катышууга 110 талапкер документ жиберген. Алардын 30унун документи жараксыз деп табылып, 4 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке 76 адам катышты. Жыйынтыгында 30 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду.
Белгилей кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.