Бишкектеги Чүй каналына түн жарымында жеңил унаа түшүп кетти

Бишкектеги Чүй каналына жеңил унаа түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 02:18 чамасында борбор калаанын Свердлов районунун Осмонкул көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа каналга түшүп кеткен.

Жерине ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, суучулдар атайын жабдуулардын жана техниканын жардамы менен унааны чыгарып беришкен. Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан