Социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатында күйөөсү балдарынын көзүнчө аялын сабаган видео тарады.
"Балдар апасын коргоого аракет кылышты, бирок күйөөсү аны катуу сабагандыктан аял эсин жоготуп койду. Мен кыйкырып, видеого тартып алдым", - деп жазган күбөлөрдүн бири.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, аял арыз жазуудан баш тарткан.
"Бул факты боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Окуя электрондук маалымат журналына катталды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат ", - деп айтылат маалыматта.