Орусиядагы жол кырсык: Садыр Жапаров каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Орусияда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандарынын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Президент Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусия Федерациясынын Ульянов облусунда болуп өткөн каргашалуу жол-транспорт кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын бортту уюштурууну тапшырды. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп жазды Султанбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан