
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи
Замир Ракиев өлкөдөгү дин кызматкерлерине хатм куран окуу боюнча тапшырма берди. Окулган хатм курандын сообу Орусияда жол кырсыгынан каза болгон маркумдарга багышталмакчы. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Аттиң, кабыргам кайышып, эмне деп айтууну дагы билбей турам. Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи.
Жараткан ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин. Жараткан маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин", - деп жазылган маалыматта.